Жаңылыктар
Жасалма паспорттор De La Rue копаниясы тарабынан даярдалат (аудио)
Кылмыш
Жасалма паспорттор De La Rue копаниясы тарабынан даярдалат (аудио)

Түркияда кармалган жасалма паспорттор боюнча кылмыш иши козголду. Бул туурасында маселе ЖКтин тармактык комитетинде Башкы прокурордун орун басары Кылычбек Токтогулов билдирди. Эл өкүлдөрүн поспорттордун түп нускасы  Кыргызстандын жарандарынын өз колдорунда болсо, көчүрмөсү кайдан жүрүп кытайлыктардын колунда түшүп калганы кызыктырды.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин айтымында маалымат чыккан эле күнү  интерпол  аркылуу кытайлык уйгур улутундагы жарандардын колдорунда болгон паспорттордун сериялары алынган. Укук коргоо органдары менен биргелешкен иликтөөнун жыйынтыгында түп нускалары Кыргызстандын жарандарынын өз колдорунда болгону аныкталган. Кылмышкерлер мындан 1 ай  мурда  праспорт ээлерин Умрага барасыңар деп алдап алып алып, кайра беришкен.

Ал эми Ата Түрк аба майданында Кытайлык жарандарга Кыргызстандын жасалма паспортун берип жаткан 4 адам Кыргызстандын жарандары болгон. Учурда алар Түркияда кармалууда. Анын бири  Ахмадилла Сайдуллаев мурда дагы паспорт жасоо менен шугулданып кармалган. Бул туурасында  Улуттук коопсуздук комитеттинин төрагасынын орун басары Дүшөнбек Чоткараев кабарлады.

Депутат Каныбек Иманалиев жасалма паспортторго байланышкан бул окуядан улам  Кыргызстандын   дүйнөлүк коомчулук алдында  кадыр-баркына шек келгенин белгиледи. Ал  Сайдуллаев айып пулун төлөп, кайрадан эле шылуунчулукка бара берет деп,  кылмыш кодексинде мындайлар үчүн жазаны күчөтүү керек деген сунушун айтты.

Жасалма паспортко байланышкан маселени  көтөрүп чыкан  эл өкүлү Алмамбет Шыкмаматов паспорттор Англияда да орун алган De La Rue копаниясы тарабынан даярдалып, кыргызстанда “ Инфаком” мамлекеттик ишканасында    сүрөттөрү чапталып, аты жөнү жазыларын айтты. Шыкмаматов жасалма паспорттордун пайда болуусунда аны даярдаган тараптардын бири калпыстыкка жол берип жаткан шекилдүү деген пикирде

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев шылуундар маалыматка ээ боло албагандыгы үчүн  жарандардын паспортун топтоп алышканын жүйөө келтирди.

Окуяны тереңден иликтөө максатында   ИИМ интерпол аркылуу тийиштүү суроолорду  Түркияга жөнөткөн. Учурда ИИМ жана Улуттук копсуздук комитети Ош областында иликтөө иштерин улантууда.  Башкы прокурордун орун басары Кылычбек Токтогулов бул иш боюнча материалдар прокуратурага келгенин, кылмыш  иши козголгонун билдирди. Ал жасалма паспортторду даярдоого эл аралык шылуундардын катышы бар экендигин кошумчалаган.

Бул иш 25- майда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында каралат. Эске салсак  жакында Түркияда Кытайлык, уйгур тектүү 98 жаран Кыргызстандын жасалма паспорту менен кармалган.

Н. Молдокулова, “Биринчи радио”