Жаңылыктар
Гендердик теңчилик. Айылдык кеңештерде 30%дык квота айымдарга берилген
Кыргызстан жаңылыктары
Гендердик теңчилик. Айылдык кеңештерде 30%дык квота  айымдарга берилген

12-апрелде өлкөнүн Ош, Токмок, Каракол, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаарларында, ошондой эле 25 айылдык кеңештерде жергиликтүү шайлоолор өтөт. Жергиликтүү кеңештерге 375 депутат шайланат. Анын 140га жакыны же 30 пайызын айымдар түзөт. 2019-жылы шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында “жергиликтүү кеңештердин депутаттары” тууралуу мыйзамга да өзгөртүү, толуктоо киргизилген. Ага ылайык айылдык кеңештердеги 30 %дык квота айымдарга берилген.

Мыйзамдын жаңыланган редакциясы айылдык кеңештерде айымдар үчүн 30 %дык квотанын берилгени шайлоодо гендердик теңчиликти камсыздоого кепилдик берет. Жаңы мыйзамдар күчүнө кирээри менен эң биринчи айылдык кеңешке шайлоолор Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караган Саруу айылында өттү. Шайлоонун натыйжасында Саруу айылдык кеңешине 21 мандаттын 9зуна айым депутаттар ээ болду. Ошол эле учурда айылдык кеңештин төрайымы болуп да аял киши тандалган.
“Аялдардын демократиялык түйүнү” кыймылынын жетекчиси Гүлжан Байбетова 30 %дык квотага жетүү үчүн көптөгөн кадамдар жасалганын айтат. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо” тууралуу мыйзамга айылдык кеңештерде айым депутаттар үчүн 30 %дык квотаны берүү боюнча ченемди 2014-жылы эле камтуу маселеси көтөрүлгөн. Бирок өткөн жылы гана мыйзамга көптөн бери күткөн ченем киргизилген.
Анын үстүнө өлкөнүн Конституциясында айымдар менен эркектер тең укуктуу деген ченемдер бар. Бирок иш жүзүнө келгенде абал башкача болуп келген. Айылдык кеңештерде 10%, шаардык кеңештерде 17%га жетпейт жана Жогорку Кеңеште 30%дык квота деле көп учурда талаптагыдай ишке ашкан эмес. Мындан улам шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча стратегияда негизги максаттардын бири шайлоо органдарына айымдардын катышуусун камсыздоо болду.