Жаңылыктар
Таластагы "Жерүй" кенинде учурда 800гө жакын адам иштейт
Кыргызстан жаңылыктары
Таластагы "Жерүй" кенинде учурда 800гө жакын адам иштейт

Таластагы "Жерүй" кенинде иштеген жумушчулардын  500дөн ашууну жергиликтүү тургундар. Март айынан тартып дагы кошумча жаңы иш орундары түзүлөт. 

Кундуз Сабатарова "Жерүй" кенинде иштеп жатканына 4 жыл болду. Ал жумушчулардын жатаканасында тазалоочу болуп эмгектенет. Жалгыз бой эне мындан тапкан маянасына үч баласын багат. Буга чейин айылда иш жоктугунан көп эле кыйналганын айткан Кундуз айым, учурда үй куруп алууга да кудурети жетип жатканына кубанат.
 Кендеги жумушчулардын басымдуу бөлүгү жергиликтүүлөр. Алар сынак аркылуу ишке орношкондор жана кенди иштеткен ишкананын атайын кыска мөөнөттүү окуусуна катышып келгендер. Атайын окуудан өтүп, тоо-кен тармагында иштөөчү адистик тастыктама алган 300 дөн ашуун жаран бар.
Учурда "Жерүй" кенинин аймагында 20дай объекттин курулушу аяктап калды. Анда 800гө жакын адам иштейт. Алар үчүн жатаканаларда бардык шарттар түзүлгөн, тамак-аш атайын талапка ылайык каралган. Аны менен катар коопсуздук чаралары да көрүлгөн.


Эң башкысы - экологиялык коопсуздук эске алынган. Ишкана былтыркы жылдын аягынан тарта кенде казуу ишин баштаган. Курулушу дээрлик аяктап калган фабрикада, алгачкы алтынды алуу иши март айында башталаары күтүлүүдө. Өндүрүлгөн алтындан салык катары 2 пайыз Талас облусуна чегерилет. Келишимде белгиленгендей "Жерүйдөн" өндүрүлгөн алтын бир гана Улуттук банкка сатылат жана алтын Кыргызстандан сыртка чыгарылбайт. Кенди иштеткен “Алтын Альянс” ишканасы “Бакубат Талас” фондун негиздеп, ал аркылуу ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды берип келет. Аны менен катар облустагы ири долбоорго каржылык колдоо көрсөтөт. Анын ичинде социалдык объекттердин курулушу, элет жерлерин жарыктандыруу, жол жана башка инфратүзүмдү жакшыртуу демилгелери ийгиликтүү ишке ашууда. Ал эми өлкө бюджетине быйылкы жылдын эсебинен кенден түшкөн салык төлөмдөрүнүн суммасы 2 млрд сом болоору күтүлүүдө