Жаңылыктар
Кыргыз-Казак: соода-сатык жүгүртүү көлөмү солгундады (аудио)
Экономика
Кыргыз-Казак: соода-сатык жүгүртүү көлөмү солгундады (аудио)

Соңку учурда Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда  соода-сатык жүгүртүү көлөмү салыштырмалуу кыскарган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай  Турсунбеков  Санкт-Петербургда  өткөн  экономикалык форумда билдирди. Анын  айтуусунда  2014-жылы тышкы соода жүгүртүү 924,7 миллион доллар  болсо, 2015-жылы бул көрсөткүч 472,9 миллион долларды  түзгөн. Буга байланыштуу эки өлкө ортосундагы соода-сатыктын жанданышына шарт түзүү,  кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык көзөмөлдү алып салуу муктаждыгы бар деди төрага.  Ал эми Казакстан Мажилисинин Төрагасы кыргыз кесиптеши козогон маселелер маанилүү экенине токтолуп,  бул маселени өз өлкөсүнө барганда тийиштүү органдар менен талкуулай турганын айтты.

19-майда Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеңеш делегациясы “Евразиялык экономикалык келечек” форумунун төртүнчү жыйынына жана 20-майда КМШ өлкөлөрүнүн парламенттик ассамблеясынын 44-пленардык жыйынына катышты. Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан бул иш-чаралардын алкагында эки тараптуу жолугушуулар дагы болуп өттү. Төрага казакстандык кесиптеши менен жолугушуу учурунда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы экономикалык жана соода-сатык байланыштарын бекемдөө маселелерине токтолду. Турсунбеков өз сөзүндө  Казакстан Кыргызстандын эң ири тышкы соода өнөктөрүнүн бири болуп саналат. “Бирок соңку учурлары эки өлкө ортосундагы соода-сатык жүгүртүү көлөмү салыштырмалуу кыскарып барат деди. Төраганын сөзүн республиканын экономика  министринин  орун басары Алмаз Сазбаков бекемдеди. Анын айтуусунда,   акыркы учурда казак тарап менен  соода  жүгүрүүнүн көлөмү кыскарды. Өткөн жылы соода-сатык 18 пайызга  төмөндөдү, ушундай эле көрүнүш өлкөлөр  ортосундагы экспорт-импортто да байкалууда.

Экономика  министринин  орун басары  Алмаз Сазбаков, кыргыз-казак  соода-экономикалык байланыштын  төмөндөп жатышынын  себебин атады. Буга  ишкерлердин  чек ара өтмөктөрүнөн  декларация толтуруу учурунда  товарлардын баасын азайтып  көрсөтүүсү өз таасирин тийгизген.

Санкт-Петербургда Казак  Мажилисинин  Төрагасы  Бактыкожа Измухамбетов менен жолугушуу учурунда   Жогорку  Кеңештин Төрагасы  Чыныбай  Турсунбеков  эки өлкө ортосундагы соода-сатыктын жанданышына шарт түзүүдө  айрыкча кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык көзөмөлдү алып салуу муктаждыгы бардыгына токтолгон. Бирок ата-мекендик  талдоочулар чек арадагы  ветеринардык көзөмөлдү алып салуу азырынча  Кыргызстан үчүн эртелик кылат дешет.   Жогорку  Кеңештин 5-чакырышында  агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук  өнүгүү боюнча комитенин депутат  Эсенгул Исаковдун айтуусунда,  малдарды   идентификациядан өткөрүүнүн  кечиктирилип жатышы  малдан өндүрүлгөн продукциялардын  ЕАЭБдин алкагындагы  мамлекеттерге  сатылуусуна кедергисин тийгизүүдө. Ал бүтпөсө  чек ара өтмөктөрүндөгү  ветеринардык  көзөмөлдү  алып салуу  Кыргызстанды  чыгашага дуушар кылат.

Учурда маселени чечүүгө  кыргыз өкмөтү батыл киришкендигин  өткөн аптада Премьер-министр  Сооронбай  Жээнбековдун Евразиялык өкмөт аралык кеңештин жыйынына катышуу  учурунда  вице-премьер министр Олег  Панкратов  журналисттерге билдирген. Ветеринардык  кызмат  бул багытта  өзүнө тагылган милдетти   эл аралык  деңгээлде  тыкыр аткарарышы  керек. Ошондо гана  бизден өндүрүлгөн  продукция  биримдиктин  алкагындагы  базарлардан ордун табат деген  ал. 

Экономика  министрлигинен  алынган маалыматтарга караганда  кыргыз-казак  ортосундагы  соода  жүгүртүү, импорт-экспорттун көлөмүнүн төмөндөөсү  быйылкы жылдын биринчи кварталында  да байкалууда.  Тактап айтканда, быйыл  4  ай аралыгында эки тараптуу  соода-жүгүрүүдөн  Кыргызстанга  193   миллион  доллар  түшкөн. Бул сандар өткөн жылдын  ушул айларында  салыштырганда 8,1 пайызга төмөн.

Г. Каражанова, “Биринчи радио”