Жаңылыктар
“Бирдиктүү терезе” тутуму эмне үчүн керек?
Кыргызстан жаңылыктары
 “Бирдиктүү терезе” тутуму эмне үчүн керек?

Ички иштер органдарынын “Бирдиктүү терезе” тутуму аркылуу жарандарга 230 миңге жакын маалымкаттар берилди. Учурда мындай тутум бардык облустук ички иштер башкармалыктарында жана райондук 16 бөлүмдө бар. Жарандар соттолбогондугу тууралуу, курал-жарак алып жүрүүгө, апостиль жана кен иштетүүгө керек болгон жардыруучу затты колдонууга зарыл болгон маалымкаттарды бир жерден ала алышат.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгындагы “Бирдиктүү терезе” тутуму былтыр май айынан бери иштеп жатат. Ага ар күн сайын жарандар кайрылып, тиешелүү маалымкаттар алынууда.
Мурда маалымкаттардын 4 түрү Ички иштер органынын ар башка түзүмдөрүнөн алынчу. Жарандар апостиль, соттолбогондугу тууралуу жана курал-жарак алып жүрүүгө уруксаты бар экенин күбөлөндүрүү үчүн эми милиция бөлүмдөрүнүн “Бирдиктүү терезесине” гана кайрылса болот. Кен иштеткен ишкана өкүлдөрү да жардыруучу затты бир жерден экинчи жерге алып келүүгө уруксаты болушу зарыл. Бул үчүн да маалымкат дал ушул тутум аркылуу алынат.
Ички иштер министрлигинин алгачкы “Бирдиктүү терезеси” 2018-жылдын октябрь айында ачылган. Андан бери бардык облустук милиция башкармалыктарында жана 16 райондук бөлүмдө түзүлдү. Алар аркылуу бир жарым жылга жетпеген убакыт аралыгында 230 миңге жакын маалымкат берилген.
“Бирдиктүү терезе” тутумун ишке киргизүү бардык мамлекеттик органдарга тапшырылып, алардын айрымдарында долбоор жүзөгө ашты. Маселен, мурда курулуш менен алектенген ишкерлер ар башка органдан уруксат кагаздарын чогултуп келишсе, эми аларды Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен гана алууга шарт түзүлүүдө. Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү дипломго ээ болуу үчүн университеттин бир нече бөлүмдөрүнө барып убара тартышса, эми айрым окуу жайларда маалымкаттар бир эле жерден берилет. Мындай тутум бардык мекемелерге жайылтылат. “Бирдиктүү терезенин” ийгиликтүү иштеши үчүн маалымкаттарды автоматташтыруу же электрондук форматка келтирүү зарыл.