Жаңылыктар
Тарых музей менен ат майдан боюнча соттук отурум улантылууда
Кыргызстан жаңылыктары
Тарых музей менен ат майдан боюнча соттук отурум улантылууда

Мамлекеттик тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу кылмыш ишин териштирүү улантылууда. 

Кезектеги соттук отурумда тизме боюнча төрт күбө суралды. Бул иштин алкагында териштирүүнүн мөөнөтү аяктаганына байланыштуу, тараптардын өтүнүчү менен соттук кароо эки айга узартылды жана иш убактысы бүткөнүнө байланыштуу отурум 3-мартка жылдырылды. 

Эскерте кетсек, мамлекеттик тарых музейи менен Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адам айыпталууда. Алардын арасында мурдагы Президенттин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева жана мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бар. Мамлекетке жалпысынан 247 млн сомдук зыян келтирилгени айтылат.