Жаңылыктар
Казакстан Кыргызстандын ДСУга кайрылуусуна карата даттануу даярдоодо
Экономика
Казакстан Кыргызстандын ДСУга кайрылуусуна карата даттануу даярдоодо

Казакстан Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмуна кайрылуусуна карата даттануу даярдоодо. Бул тууралуу Казакстандын соода жана интеграция боюнча вице-министри Жанель Кушукова жергиликтүү басылмаларга билдирген.  

Белгилей кетсек, мындан мурун кыргыз тарап чек арадагы тоскоолдуктардан улам дүйнөлүк соода уюмуна арыз жолдогон. Казакстан ага жооп катары Кыргызстандын бажы тармагындагы иш-аракеттерди сынга алып, аны ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттердин бюджетине зыян келтирип жатат,- деп жүйөө келтирүүдө. Бир катар жылдардан бери өлкөлөр ортосундагы чек ара  тоскоолдуктарынын себеби эмнеде?  

ДСУнун талаптарын тараптар кандай сактоодо?  Орун алган көйгөй  кандай жол менен  чечилүүсү мүмкүн? Эки өлкө  Евразиялык  экономикалык биримдикке  мүчө  катары эмнелерди  эске алуулары  абзел?  “Сереп”  уктуруусунда  сөз болот. Аны аудио аркылуу укса болот.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"