Жаңылыктар
Кыргызстандын 23 гектар жери Тажикстанга алмашылган жок
Саясат
Кыргызстандын 23 гектар жери Тажикстанга алмашылган жок

Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынына мындай комментарий берүү эртелик кылат деп билдирди өмөттүн маалымат кызматы. Белгилей кетсек Таджикстандын “Азия- Плюс” басылмасы буга чейин "эки өлкөнүн бийлиги талаштуу аймактардагы 23 гектар жерди алмашты" деген маалыматты таратканы кабарланган.

Эске салсак, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын отуруму Баткен шаарында өтүп анда кеңири пикир алышуу болгон. Өкмөттүк делегациялардын отурумунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлган.

Эксперттер сүйлөшүүлөр сунуш берүү позициясына жетип калганын жакшы көрүнүш катары баалашууда.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"