Жаңылыктар
Валентина Шевченконун кийинки беттеши ким менен жана качан болору белгилүү болду
Спорт
Валентина Шевченконун кийинки беттеши ким менен жана качан болору белгилүү болду

Валентина Шевченко “UFCдеги” кийинки беттешин 6-июнда Австралиянын Перт шаарында өткөрөт. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтына жарыяланды. 

Мушкердин кийинки атаандашы шотландиялык Жоан Калдервуд болот. Бул эки мушкер айымдын беттеши “UFC 251” турниринин алкагында өтөт. 

Эске салсак, 9-февралда Валентина Шевченко “UFC 247” турниринин алкагында америкалык Кэтлин Чукагянды үчүнчү раундда техникалык нокаут менен жеңип алган. Бул беттештен кийин АКШнын Техас штатынын көзөмөл департаменти Валентина Шевченкону дарыгерлердин чечими менен жарым жылга убактылуу мелдештерден четтеткен.