Жаңылыктар
Саламаттык сактоодогу санариптештирүү тийиштүү деңгээлде жүрүүдө
Ден соолук
Саламаттык сактоодогу санариптештирүү тийиштүү деңгээлде жүрүүдө

Саламаттык сактоо мекемелерин санариптештирүү тийиштүү деңгээлде жүрүп жатат. Бул тууралуу министрликтин өкүлдөрү жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында кабарлады. 

Бул багытта дартты аныктоочу жабдыктардын жаңырышы менен, жарандын убактысын жана чыгымдарын бир топ үнөмдөөгө мүмкүндүк түзүлдү. Ал эми тез жардам көрсөтүү бөлүмүнүн санарипке өтүшү менен диспетчерлердин чакырууларды карап чыгуу мөөнөтү жана бригаданын жолдо жүрүү убактысы кыскарды. Мындай иш-чара чакырылган жерге кечигип барууну төмөндөттү. 

Эгерде 2017-жылы 20 мүнөттөн көп кечигүү менен барган учур 70 %ды түзсө, 2019-жылдын 6 айында бул көрсөткүч 21 %га кыскарган.