Жаңылыктар
Ош жана Баткен облусунда жазгы талаачылык иштери башталды
Айыл чарба
Ош жана Баткен облусунда жазгы талаачылык иштери башталды

Ош жана Баткен облусунун дыйкандары быйыл жазгы талаачылык өнөктүгүн алгачкылардан болуп башташты. 

Себеби, аталган аймакка жаз эрте келип, жергиликтүү дыйкандар учурдун ар бир күнүн натыйжалуу пайдалануу аракетин көрүшүүдө. 

Өлкө аймагында жаз эрте келген Араван районунда картөшкө олтургузуу өнөктүгү уланып жатса, алыскы Лейлек районундагы эгин эгүүнү башташты.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"