Жаңылыктар
УКМК: бюджеттик каражатты уурдоо схемасы аныкталды
Кылмыш
УКМК: бюджеттик каражатты уурдоо схемасы аныкталды

Бишкек шаардык мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан бюджеттик каражаттарды уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, аталган башкармалыктын башчысы жооптуу адамдар менен биргеликте спортчуларды машыгууга чыгуусун күбөлөңдүргөн жалган документтерди жасоо жолу менен бюджеттик каражаттарды өздөрүнө системалуу түрдө ыйгарып алып турган. Бирок, ал машыгуулар уюштурулган эмес. 

Иш жүзүндө аталган кагаз жүзүндөгү машыгууларга бюджеттик каражаттан 3 млн сом сарпталганы аныкталды. Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тергөө иштери жүрүп жатат.