Жаңылыктар
Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды
Кылмыш
Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте финансылык пирамида аныкталып, аны түзүүгө "Айымдар ордосу" ишканасы шектелип жатат. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы кабарлады. Ведомстводон билдиришкендей, компания WhatsApp мессенджери аркылуу оңой жумуш жана жогорку маяна тууралуу жарнамаларды жиберип турган. 

Анда жумушка киргиси келген адам үч миң сомдон ашык акча берүү, мындан тышкары, дал ушундай эле каражат жана белектерди алып келе турган башка кишилерди табуу талаптары жазылган. "Жумуш берүүчүлөр" республиканын ар кайсы тарабынан акча алып туруу үчүн атайын банктык эсептерди ачкан. Ошол эле компания белектер ойнотулган акция жарыялап, "утулуп калгандарга акчасы кайтарылат" деп алдашкан", — деп айтылат билдирүүдө. Каржы полициясына бүгүнкү күндө аталган компанияга даттанып 30 чакты киши кайрылды.