Жаңылыктар
Кыргыз-казак чек арасы: аткезчилик менен өткөрүүгө аракет кылынган товарлар аныкталды
Кырсык
Кыргыз-казак чек арасы: аткезчилик менен өткөрүүгө аракет кылынган товарлар аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы кыргыз-казак чек арасынан аткезчилик жолу менен өткөрүүгө аракет кылынган товарларды аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

“Чоң-Капка авто жолу” көзөмөл-өткөрмө пунктунан 21,8 тонна алма, 2 млн сомдон ашуун суммадагы 27 тонна түтүк, 17 млн 700 миң сомдук 1 миң 442 даана унаанын айнегин алып кирүү аракетине бөгөт коюлган. Бардык импорттоочуларда товарларды ташып кирүүгө салык органынын маалымкаты болгон эмес. Ал эми, “Ак-Тилек авто жолу” өткөрмө пунктунан айдоочулар 8 тонна пеноплекс, товарларды ташып кирүүгө салык органынын мөөнөтү өтүп кеткен маалымкаты менен 974 миң сомго 1 миң 304 куту жемиш жана коштомо кагазы жок 4 жарым млн сомго чукул жүктү алып өтүүгө аракет кылышкан. 

Ошондой эле, “Чалдовар” контролдук-өткөрмө пунктунан товарларды ташып кирүүгө салык органынын мөөнөтү өтүп кеткен маалымкаты менен 65 куту "Herbalife" продукциясын алып өтүп бара жаткан унаа кармалган. Жогоруда аталган мыйзам бузуу материалдары мобилдик топко иш-чараларды өткөрүү үчүн өткөрүлүп берилди.