Жаңылыктар
Эриш-аркак жылынын ачылышы 27-февралда Кремль сарайында өтөт
Саясат
Эриш-аркак жылынын ачылышы 27-февралда Кремль сарайында өтөт

Кыргызстан менен Россиянын Эриш-аркак жылынын ачылышы эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын катышуусунда 27-февралда Москвада Кремль сарайында өтөт. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди. Иш-чаранын алкагында Кыргызстан менен Россиянын чыгармачыл жамааттарынын катышуусунда гала-концерттин өтүшү күтүлүүдө. Эриш-аркак жылынын алкагында Кыргызстан менен Россияда саясий, экономикалык, аскердик жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө 200дөн ашуун иш-чара өткөрүү мерчемделүүдө. 

Сыдыков билдиргендей, Президент Сооронбай Жээнбековдун 27-28-февралдагы Россияга болгон иш сапарынын жүрүшүндө Россия Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу күтүлүп жатканын белгиледи. Мындан сырткары, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландалган. Мамлекет башчысы Белгисиз солдаттын мүрзөсүнө гүлчамбар коет жана Москва шаарындагы Эл чарбасынын жетишкендигинин көргөзмөсүндөгү “Кыргызстан” павильонуна барат.

"Эриш-аркак жылын өткөрүү жөнүндө макулдашууга 2019-жылы Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген. Бул мамлекеттик сапардын алкагында жалпысынан 6 млрд АКШ доллардан ашуун суммага 50дөн ашык документке кол коюлуп, алар бүгүнкү күндө ишке ашырылууда."" Эриш-аркак жылын өткөрүү жөнүндө макулдашууга 2019-жылы Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген. Бул мамлекеттик сапардын алкагында жалпысынан 6 млрд АКШ доллардан ашуун суммага 50дөн ашык документке кол коюлуп, алар бүгүнкү күндө ишке ашырылууда",- деди Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков.