Жаңылыктар
25-майда чебер комузчу Нурак Абдырахманов дүйнө салган (аудио)
Маданият
25-майда чебер комузчу Нурак Абдырахманов дүйнө салган (аудио)

Мындан эки жыл мурун 2014-жылдын 25-майында кыргыздын чебер комузчусу Нурак Абдырахманов дүйнө салган. Таланттуу күүчү, обончу, ырчы жана аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти узак оорудан улам 67 жаш курагында каза тапты. 2009-жылы "Нурактын күүлөрү" деген аталыш менен анын тандалган  17 залкар күүсү нотага түшүрүлүп, өзүнчө көлөмдүү китеп болуп чыккан. 

Нурак Абдырахманов 1946-жылы 19-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында туулган. Токмок шаарындагы республикалык маданият окуу жайын бүтүргөн. Эмгек жолу өз айылында клуб башчысы болуу менен башталган. Райондук маданият үйүнүн жана балдар музыкалык мектебинин директору, Аламүдүн районунун Байтик айылынын маданият үйүнүн башчысы болуп иштеген. Анын “Улуу тоолор” аттуу күүсү  кыргыз улуу тарыхын кайрык аркылуу сезим жеткиргени менен уккулуктуу.

Анын аткаруусундагы "Жибек жол", "Так теке" чыгармалары өнөрүн дагы өзгөчө деңгээлге көтөрүп, дүйнө элдерине даңазалап келген. Бирок ажалга арга жок тура. Минтип көзү өткөнүнө эки жыл болгонун эскерип, дале кайгырып турган чагыбыз. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатында коштолгон кошок азыр да анын жакындарынын эсинде сакталуу.

К. Калилов, “Биринчи радио”