Жаңылыктар
Ишке келбеген депутаттарды "ким эптейт"? (аудио)
Саясат
Ишке келбеген депутаттарды "ким эптейт"? (аудио)

Депутаттардын парламенттин жыйындарына катышуу боюнча маселе кайрадан көтөрүлдү. Үстүбүздөгү жылдын 18-майында Жогорку Кеңештин жыйынына болгону 10 депутат катышканы коомчулукта талкуу жаратты. Ал эми 24-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети депутаттардын жыйынга катышуусу боюнча маселени карап, комитет жетекчиси Галина Скрипкина жыйынга келбегендердин жүйөлүү себептери бар экендигин билдирди. Деги эле дүйнөлүк практикада жыйынга катышпаган депутатка кандай чара көрүлөт?

Парламенттин жыйындарына келбей коюу адаты 6-чакырылыштын депутаттарында да бар экендиги белгилүү болду. Жогорку Кеңештин сайтына чыккан маалыматта “эрке” депуттардын сап башында КСДП фракциясынан депутат-айым, Карамат Орозова турат. Ал жыйынды 12 жолу калтырган. Ал эми төрага Чыныбай Турсунбековдун орду 10 жолу бош калса, Ушул эле фракциядан Азамат Арапбаев, Марат Аманкулов, Жанар Акаев, Айнуру Алтыбаева жана Альфия Самигуллиналар 8 жолу жыйынга келген эмес. Конституциянын атасы Өмүрбек Текебаев да 8 ирет, Кыргызстан фракциясынан депутат Жыргалбек Калмаматов жана “Республика-Ата Журттан” Максат Сабиров 7 жолу жыйынга келген эмес. Ал эми жыйынды такыр калтырбаган эл өкүлдөрү жокко эсе. “Бир Бол” фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев үстүбүздөгү жылдын 18-майында жалпы жыйында  болгону 10 депутат катышып жатканын айтып сынга алган.

Депутаттардын өз ишине жасаган көңүл кош мамилеси, жалпы парламенттик башкаруу системасы көө жабат. Мындай пикирин легендарлуу парламенттин депутаты Кубатбек Акматбеков билдирет. “Өзүн өзү билген” депутаттарды ооздуктоо үчүн Жогорку Кеңештин регламентине өзгөртүүлөрдү кийирүү зарыл.

Ал эми бул депутаттардын көтөргөн маселесин 24-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде каралып, комитет жетекчиси Галина Скрипкина жыйынга келбегендердин жүйөлүү себептери бар экендигин, алар парламент төрагасына жазган арыздары бар экендигин айтты.

“Төмөндөгү депутаттардын жыйынга келбегендигине жүйөлүү  себептер бар. Алар КСДПдан Арапбаев, Матибраимов, Республика- Ата Журт  фракциясынан Исаев, Абдыжалиев, Саматов жана Тилаевдер. Ал эми Кыргызстан фракциясынан  Асылбек уулу Дамирбек жана Макеевдер. Булардын баардыгынын төрага жазган арызы  бар. Бардыгы жүйөлүү себептер менен жыйынга катышкан эмес”.

Буга чейин парламентте депутаттардын жыйынга катышуу маселеси боюнча бир катар сындар айтылып келет. Маселен 2012-жылы да Жогорку Кеңештин ишин көзөмөлгө алуу максатында жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган "Парламентаризм үчүн" жарандык кеңешин түзүлгөн. Жарандык көзөмөл Парламенттин иши тууралуу өз учурунда маалымат алып, депутаттардын регламентти сактоосун жана жыйында жок депуттар үчүн добуш берилбөөсүн демилгелеген. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунованын айтымында, эл өкүлдөрүнүн жыйындарга катышпай туруп, добуш берүүгө гана келүүсү “чийки” мыйзамдардын кабыл алынуусун шарттап жатат.

Дүйнөлүк тажрыйбада жана Кыргызстанда жыйынга келбегендиги үчүн депутаттын мандатын алган учур каттала элек. Бирок Жогорку Кеңештин регламентинде эл өкүлү себепсиз 30 же андан көп жумуш күнүндө жыйынга катышпаса мандаты алынат деп жазылган.

С. Идирисов, “Биринчи радио”