Жаңылыктар
Өкмөт жыл сайын дыйкандарга жеңилдетилген каражат берүүнүн үстүндө иштейт
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт жыл сайын дыйкандарга жеңилдетилген каражат берүүнүн үстүндө иштейт

Акыркы жылдары аймактарда экономиканы жандантып, ага түрткү берүүчү демилгелер мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоого алынып келет. Алсак, өнөр жай тармагына каражат салган инвестор 3 жылга салыктан бошотулган. Элеттеги ишкерлер бир нече салыктын түрүн төкпөйт. Аймактардын өнүгүшүнө карата башка дагы жеңилдиктер каралган.

Өлкөнүн аймактарындагы абалды жакшыртууга дээрлик бардык тарап тартылган. Өкмөт жыл сайын дыйкандар менен фермерлерге жеңилдетилген каражат берүүнүн үстүндө. Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду, Кепилдик фонду да ишкерликти колдоо саясатын жүргүзүп келет. Элеттен ишкана ачкан ишкерлер кошумча нарк салыгы, сатуудан түшкөн салык, киреше салыгы жана мүлк салыгынан бошотулган. Тиешелүү мамлекеттик мекемелер иш баштайм деген жарандарды колдоодо.
Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттик бир жыл аралыгында 7 ири долбоорду ишке ашырууга жетишкен. Буга чейин биздин экономикада жок технологиялар өндүрүлө баштаган. Жылытуучу радиатор, электр эсептегич, текстилде кийим-кечек, кездеме өндүрүү жана башка өндүрүш жаатындагы иштер колго алынган.
 Алдыда аймактарды өнүктүрүүгө арналган улуттук диалог форуму өтүү алдында турат. Бул борбордук бийлик менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы байланышты бекемдөөгө шарт түзөт. Адистер аймактарды өнүктүрүүгө карата көп ой-пикир, сунуштар айтылып, документтер кабыл алынганы менен иш жүзүндө аксап жатканын белгиледи.
Адистер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мүмкүнчүлүктү пайдаланып, өлкөдө кеңири жайылтылып жаткан санарипти колдонуп, билимин өркүндөтсө ийгилик коштоорун айтат. Борбордук жана жергиликтүү бийлик органдары аймактарды өнүктүрүү маселелерин чечүү үчүн ыкчам чараларды биргеликте кабыл алса, жетишкендиктер арбымак. 


ъ