Жаңылыктар
Кремль сарайы Кыргызстан менен Россинын эриш-аркак кызматташуу жылынын ачылышына даяр
Саясат
Кремль сарайы Кыргызстан менен Россинын эриш-аркак кызматташуу жылынын  ачылышына даяр

Москва шаарындагы Кремль сарайы Кыргызстан менен Россинын эриш-аркак кызматташуу жылынын салтанаттуу ачылышына даяр. Өлкөнүн маанилүү сахнасы бул саамалыкка карата камдалды. Ал арада гала-концерттин катышуучуларынын даярдыгы аяктап калды.

 Союз маалында бул жерде съезддер болуп турган болсо, эми минтип стратегиялык өнөктөштөр менен элдер достугун бекемдеген маданий иш-чаралар өтүүдө. Россия биринчи ирет мурдагы советтик айдыңдагы өлкө менен эриш-аркак кызматташтык жылын өткөрүүдө. Кыргызстан үчүн бул алгачкы тажрыйба болуп калмакчы.
 Өлкө башчылары бул жылга өзгөчө маани берүүдө. Анткени быйыл эки мамлекеттин маданий-гуманитардык жана экономикалык жактан кызматташтык жолунда жаңы багыттардын ачылышы күтүлүүдө.
 Бул арада гала-концертке даярдыктар аяктады. Келген коноктор кыргыз-орус музыкасынын жуурулушунан жаралган мыкты чыгармаларга күбө болот.