Жаңылыктар
Бардык чарба китепчелери электрондоштурулат
Кыргызстан жаңылыктары
Бардык чарба китепчелери электрондоштурулат

Борбордон алыс жайгашкан бийик тоолуу айыл өкмөттөрдөн тартып, бардык жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын чарба китепчелери электрондоштурулат. Аймактарды санариптештирүү максатында “Санарип Аймак” платформасы иштей баштады. Ал жалпы 453 айыл өкмөттү, райондук жана облустук деңгээлдеги 31 шаарды камтыйт.

“Санарип Аймак” платформасы пилоттук тартипте сегиз айыл өкмөткө киргизилди. Жакында жалпы республика боюнча бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жайылтылат. Анын алкагында айыл өкмөттөрдүн ишмердүүлүгү толук электрондошот.
Айыл өкмөттөрдүн электрондук түргө өткөн маалыматы башка мекемелерге да жеткиликтүү болот. Маселен кайсы бир жарандык чарба китепчесиндеги маалыматты башка мекемелер Түндүк тутуму аркылуу өздөрү эле алып алышат.
Тутумду толук кандуу ишке ашырууда аймактардын интернет менен камсыз болуусу керек. Учурда инфратүзүмдү даярдоо иштери аяктап калды. Эми адистер окутулат.

“Санарип аймак” платформасын ишке ашыруунун негизги максаты аймактардагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү автоматташтырып, адам факторун азайтуу. Санариптешүү борбордо гана ишке ашпастан, ал алыскы айыл кыштактарга чейин жетиши зарыл. Анын түзгөн жеңилдиктерин ар бир жаран сезиши абзел.