Жаңылыктар
Өзгөчө макамга ээ чек ара аймактарын өнүктүрүү маселеси талкууланды
Чек ара
Өзгөчө макамга ээ чек ара аймактарын өнүктүрүү маселеси талкууланды

 

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаровдун төрагалыгы алдында «Кыргызстандын айрым чек ара аймактарына өзгөчө макам берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» мыйзамды аткаруу боюнча мекемелер аралык комиссиянын отуруму өттү. Анда белгиленгендей, 2018-2020-жылдарга карата айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы 33 ишти камтыйт. 

Алар үчүн бюджеттен 296 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Жумушчу комиссиянын жүрүшүндө, көрсөтүлгөн мамлекеттик программаны аткаруунун актуалдуу маселелери талкууланды. Ошондой эле жумушчу комиссия 18 калктуу конушту өзгөчө макамга ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесине киргизүү үчүн алты мамлекеттик органдын сунуштарын карап чыкты.

«Аталган мамлекеттик программа биз үчүн зор мааниге ээ. Бул биринчи кезекте чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо, социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелери, ушул багыттар Өкмөт үчүн артыкчылыктуу болуп саналат. Ошондуктан көрсөтүлгөн иш-чаралар планын толук көлөмдө сапаттуу аткарууну камсыз кылуу маанилүү, мындан өзгөчө макамга ээ болгон чек ара аймагында жашаган калктын бакубатчылыгы көз каранды. Тиешелүү Мыйзамды, Жогорку Кеңештин токтомдорун аткаруу өзгөчө көзөмөлдө турат»,- деди Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиктин директору Бахтияр Салиев.