Жаңылыктар
Зилалиевге карата козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды
Кылмыш
Зилалиевге карата козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге карата козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум улантылды. 

Бул жолу тизме боюнча үч күбө суралып, башка күбөлөрдүн келбегенине байланыштуу жараян 4-мартка жылдырылды. Эскерте кетсек, Башкы прокуратура Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн “Мыйзамсыз баюу” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынган Зилалиев, УКМКнын тергөө абагында.