Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Москвага кетти
Саясат
 Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Москвага кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда, эки күндүк иш сапары менен Россия Федерациясынын Москва шаарына учуп кетти. 

Иш сапарынын биринчи күнүндө Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт, анда кыргыз-орус мамилелеринин азыркы абалы жана келечеги талкууланат. Ушул эле күнү эки мамлекеттин башчылары Эриш-аркак жылынын ачылыш аземине катышат. Ошондой эле Сооронбай Жээнбековдун Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин жана Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен эки тараптуу жолугушуулары пландалган. 

Иш сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков белгисиз солдаттын мүрзөсүнө гүлчамбар коюп, Москвадагы Эл чарбачылыгынын жетишкендигинин көргөзмөсүндөгү “Кыргызстан” павильонуна барат. Расмий делегациянын курамында Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров, Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, Президенттин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бар.