Жаңылыктар
Жерүй алтын кени жакында ишке кирет
Экономика
Жерүй алтын кени жакында ишке кирет

Жерүй алтын өндүрүүчү ишкана жакынкы убакта кишке кирүүсү күтүлүп жатат. Учурда кенде 550гө жакын жергиликтүү тургун эмгектенет. Фабрика толугу менен ишке кирсе жумушчулардын саны 2000 миңге чейин жетээри айтылууда.

Инвестролор кен жайгашкан Бекмолдо айыл өкмөтүнө, Талас району жана өнүктүрүү фондуна 170 миллион сомдон которгон. Ал эми “Бакубат Талас" фондуна жылына 100 миллион сомдон которуп келген болсо, 2019- жылдан баштап 150 миллондон бөлүп баштаган. Мындан тышкары быйыл 2 миллиард сом салык төлөрү болжолдонгон.

Бирок алтын өндүрүп алуу ишке кирердин алдында кендин айланасында талаштуу маселелер жаралып, андан улам “Жаңы муун” жаштар кыймылынын жетекчиси Айбек Бузурманкулов президентке өмүрүнө коркунуч туулуп жатканы туурасында кайрылу жасады. Талас областынын жетекчилиги анын айткандарын четке какты.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"