Жаңылыктар
Жогорку Кеңешке шайлоо: 9 пайыздык босого чеги кызуу талкууланууда
Саясат
Жогорку Кеңешке шайлоо: 9 пайыздык босого чеги кызуу талкууланууда

Жогорку Кеңештин айрым фракция лидерлери шайлоо босогосу тууралуу позицияларын билдиришти. Айрымдары 9 пайызды колдоп, партиялык системанын өнүгүшүнө жол ачуу керек десе, көпчүлүгү пайыздык босогону төмөндөтүү зарылдыгын айтышууда. 21 депутат босого чекти 7ге түшүрүү демилгесин көтөрүп, 7-февралдан тартып бул багыттагы мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлганы белгилүү. 

Маселе бир гана парламентте эмес, саясий күчтөр арасында да кызуу талкууга алынып, түрдүү багыттагы пикирлер айтылууда. Айрым саясатчылар  9 пайыздык босого чек өлкөдө саясий стабилдүүлүктүн бузулушуна алып келээрин билдирсе, ошол эле учурда партиялык системанын өнүгүшү үчүн аракеттеги мыйзамдын иштешине убакыт берүү керек дегендер бар. Эми бир ай аралыгында тийиштүү мыйзам долбоору жалпы палатанын кароосуна чыгарылып,ар кандай пикирлерге чекит коюлат. 

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"