Жаңылыктар
Футбол боюнча Европа чемпиондугу башка убакытка жылдырылабы?
Спорт
Футбол боюнча Европа чемпиондугу башка убакытка жылдырылабы?

Дүйнө элин коркунучка салып жаткан коронавирустун айынан быйыл жай айында өтө турчу футбол боюнча Европа чемпиондугу башка убакытка жылдырылышы мүмкүн. Бул тууралуу УЕФА уюмунун вице-президенти Мишель Уванын айтканына таянып, дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. 

"Биз азыркы тапта бул ишти карап жатабыз. Мунун баары өлкөлөрдөгү кырдаалга жараша болот. Эгер кырдаал курчуп кетсе, турнирди өткөрбөй, токтотуп турууга аргасыз болобуз", - деп билдирген Мишель Ува. Маалыматка ылайык, футбол боюнча Европа чемпиондугу төрт жылда бир өтөт. Быйыл бул турнир Европа чөлкөмүндөгү 12 шаардагы стадиондордо өткөрүлөт.