Жаңылыктар
Кубатбек Боронов: күйүүчү май менен камсыздоодо көйгөй болбойт
Айыл чарба
Кубатбек Боронов: күйүүчү май менен камсыздоодо көйгөй болбойт

Жазгы талаа иштеринде дыйкандарды үрөн, жер семирткич, күйүүчү-майлоочу каражаттар менен камсыздоодо көйгөйлөр болбойт. 

Бул тууралуу Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Быйыл өлкө аймагындагы жалпы айдоо аянттары 1 млн. гектардан ашуун жерди түзөт. Ушу тапта дыйкандарды сапаттуу үрөн, жер семирткич, күйүүчү май менен камсыз кылуу, айыл чарба техникаларын жаңыртуу, ирригациялык тутумдарды оңдоо чаралары көрүлүүдө.