Жаңылыктар
Акылдуу мектеп - келечектин мектеби
Билим
Акылдуу мектеп - келечектин мектеби

Кыргызстандагы мектептердин 99 пайызы интернетке туташтырылган. Учурда дагы 671 мектепти жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуу иштери жүрүүдө.

Немец, кытай тилдери сыяктуу чет тилдерди тереңдетип үйрөтүү менен өзгөчөлөнгөн Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплексинде окуу процесси электрондук түргө өткөнүнө 3 жылдан ашты. Окуу бөлмөлөрдүн көбү заман талабына ылайык жабдылып, окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн жетиштүү деңгээлде шарттар түзүлгөн.

Окуучулар өздөрүнүн чыгармачылыгы менен сүрөт топтомдорун, видеолорду, тартып келип мугалим менен чогуу көрүп талкуулашат. Ошондой эле Германиянын айрым мектеп-гимназиялары менен да интернет аркылуу баарлашып, тажрыйба топтошот. Интернет аркылуу сабак жүргүзүүнү киргизүүдө, материалдык-техникалык базаны чыңдоодо адегенде кыйынчылыктар болгон. Эми иш өз нугуна түшүп, ойдогудай.