Жаңылыктар
Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Москва шаарында
Саясат
Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Москва шаарында

Президент Сооронбай Жээнбеков Москва шаарында. Ал бүгүн эки күндүк иш сапар менен Орусияга барды. Сапардын алкагында, Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, кыргыз-россия мамилелеринин бүгүнкү абалы менен келечеги талкууланат. 

Эки мамлекеттин башчылары Эриш-аркак жылынын ачылыш аземине катышат. Ошондой эле Орусиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин жана Коопсуздук кеңешинин төрагасын орун басары Дмитрий Медведев менен эки тараптуу жолугушуулар пландалган.

Расмий делегациянын курамында Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров, Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, Президенттин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бар.