Жаңылыктар
Эриш-аркак жылы: иш-чаралардын 70 пайызы маданий-гуманитардык багытта
Маданият
Эриш-аркак жылы: иш-чаралардын 70 пайызы маданий-гуманитардык багытта

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов менен Россиянын Маданият министри Ольга Любимова жолугуп, тармакта Эриш-аркак жылын өткөрүү планын талкуулашты. Жолугушууда эки министр бул демилгенин маанилүүлүгүн, ал саясий жана соода-экономикалык гана эмес, маданий-гуманитардык багыттагы кызматташтыкка чоң түрткү берерин белгилешкен. 

Маалымат катары айтсак, Эриш-аркак жылынын алкагында өткөрүлө турган иш-чаралардын 70 %ы маданий-гуманитардык иш-чаралар. Анда Кыргызстандагы Россиянын кино күндөрү, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды, саясий ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын жана СССРдин эл артисти Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгын утурлай Москвада эскерүү иш-чараларын өткөрүү, сүрөтчүлөрдүн көргөзмөлөрү бар. 

Белгилей кетсек Эриш-аркак жылынын расмий ачылышы бүгүн, 27-февралда Мамлекеттик Кремль сарайында өтөт.