Жаңылыктар
С.Жээнбеков: Кыргызстан орус тилинин макамын өзгөртпөйт, латын арибине өтпөйт
Саясат
С.Жээнбеков: Кыргызстан орус тилинин макамын өзгөртпөйт, латын арибине өтпөйт

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ТАСС агенттигинин суроосуна жооп берип жатып «Орус тили расмий тил катары Конституцияда бекемделген. Ал макам калат жана өзгөртүлбөйт», - деп билдирди.

Президент ошондой эле учурда өлкөдө «латын арибине өтүү муктаждыгы жок», «латын арибине өтпөгөнүбүз туура чечим болгон» деп билдирди. Президенттин баамында республиканын маданий, илимий ийгиликтери кириллицага таянуу шартында жаралган.

27-февралда Москва шаарында Кыргызстан менен Орусиянын эриш-аркак жылынын расмий ачылышы болот. Ага катышуу үчүн Кыргызстандан президент Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация жөнөп кетти. Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков президент Владимир Путин баштаган Орусиянын расмий өкүлдөрү менен жолугушары мурда кабарланган.