Жаңылыктар
Борбор калаада “Айыл-Агро-2016” көргөзмөсү ачылды
Айыл чарба
Борбор калаада “Айыл-Агро-2016” көргөзмөсү ачылды

Борбор калаадагы эски аянтта бүгүнтөн тарта “Айыл-Агро-2016” - деп аталган эл аралык көргөзмө өтүп жатат. Үч күнгө созула турган иш-чарага 20 өлкөдөн келген 32 ишкана-заводдордун өкүлдөрү катышууда. 

Айыл чарба жана мелиорация министрлиги билдиргендей көргөзмөдө дүйнөгө белгилүү "Клаас", "Лемке", "Жон Диир", "Гримме", "Амазоне", “Россельмаш”, “Гомсельмаш”, "Клевер" жана башка бренддердин шаймандары, минералдык жер семирткичтер, өсүмдүктөрдү химиялык жана биологиялык жактан коргоочу заттар, ветеринардык дарылар жана мал чарбасына керектүү каражаттар, ошондой эле айыл чарбасындагы жаңы технологиялардын үлгүлөрү көрсөтүлүүдө.

Быйыл төртүнчү ирет уюштурулуп жаткан иш чарада, улуттук экспозиция иштеп, боз үйлөрдүн шаарчасында жети облустан өндүргөн азык-түлүктөр жана улуттук колоритти чагылдырган буюм-тайымдар дагы коюлду. 

Ошондой эле, аймактардын элдик маданий жетишкендиктери көрсөтүлүп, туристтик долбоорлорду түзүү жана инвестицияларды тартуу боюнча түрдүү долбоорлорду сунуштоого шарт түзүлүүдө.