Жаңылыктар
Быйыл өлкө аймагындагы жалпы айдоо аянттары 1,19 млн гектарды түзөт
Айыл чарба
Быйыл өлкө аймагындагы жалпы айдоо аянттары 1,19 млн гектарды түзөт

Ушу тапта дыйкандарды сапаттуу үрөн, жер семирткич, күйүүчү май менен камсыз кылуу, айыл чарба техникаларын жаңыртуу, ирригациялык тутумдарды оңдоо чаралары көрүлүүдө. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында жазгы айдап себүү иштерине карата даярдыктар талкууланды.

Эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берген Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри жазгы өнөктүккө карата даярдыктар мерчемделген тартипте жүрүп жаткандыгын билдирди. Быйыл 395 миң тонна жер семирткич керектеле турган болсо, азыр кампаларда анын 30 миң тоннасы бар. 40 тонна күйүүчү май керектеле турган болсо, анын 30 пайызы даярдалды.

 Жалпы үрөн даярдоого 64 млн сом каралган. Кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү 99 пайызга, беде үрөнү 94 пайызга камдалды. Аны менен бирге үрөндүн сапатын жакшыртуу максатында да аракеттер көрүлдү. 

 «Айыл чарбасын каржылоо - 8» долбоору ишке киргизилип, дыйкандар 6 пайыздык үстөгү менен жеңилдетилген насыяларды ала баштады.

Жазгы өнөктүктү утурлай аймактарда ирригациялык тутумду жакшыртуу аракеттери көрүлүүдө. Ал эми комплекстүү чаралар катары Ирригация тутумун жакшыртуу боюнча мамлекеттик программа иштеп жатат. Дыйкандарды техника менен камсыздоодо банктар тарабынан лизингдик насыя программалары ишке кирген.

Жазгы өнөктүктү утурлай аймактарда ирригациялык тутумду жакшыртуу аракеттери көрүлүүдө. Ал эми комплекстүү чаралар катары Ирригация тутумун жакшыртуу боюнча мамлекеттик программа иштеп жатат.