Жаңылыктар
Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү үчүн эмне кылуу керек?
Айыл чарба
Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү үчүн эмне кылуу керек?

Чүй районунун Бурана айылынын фермердик чарбасынын жетекчиси Жеңиш Норузбаев, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү үчүн эт багытындагы бодо мал сатып алган. Ал үчүн каражатты насыяга алган. Насыя алты жылдык мөөнөт менен берилген.

Фермердик чарба бул уйларды ар кандай шартка көнүмдүүлүгүнө карап сатып алган. Анткени алар бийик тоолуу аймактарга да чыдамдуу келип, экологиялык таза чөп менен азыктанат.
 Герефорд тукмундагы уйларды жакшы бакса 1 жылда 290-340 килограмм салмакка чейин кошот. Ал эми статистика боюнча мындай мал 15-18 жыл жашайт.
 Фермердик чарба малдын асыл тукумдуулугун арттыруу үчүн алты жылдык мөөнөт менен банктан насыя алган. Эми мынедай бодо малды аймактарга жайылтуунун максат кылышууда.