Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбековдун Россияга болгон иш сапары башталы
Саясат
Сооронбай Жээнбековдун Россияга болгон иш сапары башталы

Бүгүн Президент Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясына эки күндүк иш сапары башталды. Сапардын алкагында мамлекет башчы Москва шаарындагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон Белгисиз жоокердин эстелигине гүл койду. Мамлекет башчысы шериктеш өлкөнүн өкмөтүнүн төрагасы менен жолукту. Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясына болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Президенти Владимир Путин менен жолугушуп, өлкөлөр ортосундагы алаканы мындан ары өнүктүрүүнүн багыттарын талкуулашты.

Жогорку даражаллуу конокту Москва шаарынын аскер коменданты жана ардак кароолдун жоокерлери тосуп алды.  Аскердик оркестр аза күтүү музыкасын ойноп жатат. Алтын түстүү тамгалар түшүрүлгөн кызыл тасма оролгон гүл чамбарды ардак кароолдун аскерлери коюуда.
 

Бир мүнөттүк эскерүүдөн соң Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды.
Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго Өлкө башчысы таазим этти. Президенттин эки күндүк иш сапарын коштоп барган өкмөт мүчөлөрү жана эл өкүлдөрүнөн турган расмий делегация да эстеликке гүл коюшту.

Иш сапарынын алкагында Президент Россиянын Өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолугушту. Анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары талкууга алынды. Стратегиялык өнөктөш өлкөнүн өкмөт төрагасы эки өлкөнүн эриш-аркак кызматташтык жылы ар тараптуу кызматташууга жаңы дем бере турганына ишеним билдирди.

Жолугушууда Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз тарап Эриш-аркак кызматташтык жылынын алкагындагы бардык иш-чараларды ийгиликтүү жүзөгө ашырууга терең маани берерин баса белгиледи. Жалпы ой-максаттарды ийгиликтүү аткаруу жана бул уникалдуу долбоорду жүзөгө ашыруу шериктештик мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары дагы бекемдөөгө кызмат кылаарын айтты. Аны менен бирге өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну өз ара пайдалуу бекемдөө жана кеңейтүү Кыргызстандын стратегиялык кызыкчылыктарына толугу менен жооп берерин белгиледи.

Андан соң мамлекет башчысы Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүү жүргүздү. Анда президенттер орус-кыргыз кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын жана келчечегин талкууга алышты. Өлкөлөр ортосундагы стратегиялык мамилени мындан ары өнүктүрүү жолдорун сөз кылышты. Орус лидери Президент Сооронбай Жээнбековду Москва шаарында эриш-аркак кызматташтык жылынын башталышында көрүп жатканына кубанычта экендигин билдирди. Өз кезегинде Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы эки жылда шериктеш эки мамлекет ортосундагы кызматташтык жаңы баскычка чыкканын белгиледи. Ортодогу соода-экономикалык, саясий, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык алака ар тараптан өнүгүп жаткандыгын айтты. Аны менен бирге быйылкы эриш-аркак кызматташтык жылы мамлекеттер ортосундагы мамиленин жаңы барагын ачарын белгиледи.