Жаңылыктар
Эриш-аркак жылынын расмий ачылышы Кремль сарайында өттү
Мекендештер
Эриш-аркак жылынын расмий ачылышы Кремль сарайында өттү

Кыргызстан менен Россиянын Эриш-аркак жылынын расмий ачылышы эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын катышуусунда Москва шаарынын Кремль сарайында өттү. Президенттер, кыргы-орус кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыга турганын баса белгилешти. Быйыл өтө турган иш-чаралардын саны арбын, 200дөн ашык биргелешкен жолугушуулар, жыйындар, саамалыктар өтөт. Бүгүн 6 миң адамга ылайыкталган залда бош орун калган жок.

Кремлди көрө элек кыргызстандыктар арбын. Келген коноктор тарыхы бай Кутафья мунарасынан өтүп, дүйнө жүзүндө даңталып айтылып келген Кремль сарайына кирип жатты. Мекендештердин улуттук кийимине өзгөчө көңүл бурулуп жатты

Президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин эриш-аркак кызматташтык жылын расмий ачык деп жарыялашты. Мамлекет башчылары, быйыл эки өлкөнүн маданий-гуманитардык жана экономикалык жактан кызматташтык жолунда жаңы багыттардын ачылышы күтүлүп жатканын белгиледи. Бул жылга карата 200дөн ашык иш-чара өткөрүү пландалган. Алардын көпчүлүгү аймактарда болот.

Екатеринбург шаарында аймактар аралык экономикалык форум өтүп, Петербург экономикалык форумуна кыргыз ишкерлеринин катышуусу күтүлүүдө. Эске салсак, Владимир Путиндин былтыр март айындагы мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы менен, 6 миллиард долларлык 50дөн ашык келишимге кол коюлган. Эриш-аркак кызматташтык жылы, экономика, туризм, маданият, илим, билим берүү, спорт жана башка тармактардын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет. Ошондой эле, эмгек мигранттарынын кызыкчылыгын көздөөдө социалдык коргоо боюнча шарт түзүү жана пенсия маселелерин чечүүгө дагы жакшы мүмкүнчүлүктөрдүн түзүлөрү күтүлүүдө.