Жаңылыктар
Кыргызстан Аялдар Конгресси жылдын мыкты айымдарын сыйлады
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан Аялдар Конгресси жылдын мыкты айымдарын сыйлады

Кыргызстан Аялдар Конгресси айымдардын эл аралык майрамына карата Кыргыз Улуттук филармониясында жыл мыктыларын сыйлады. Өлкөнүн жети дубанынан келген көп балалуу энелер, эмгек сиңирген мугалимдер, дарыгерлер, ишкер айымдар жана аялдар кыймылынын ардагерлерине “Жылдын мыкты айымы”, “Өрнөктүү эне” жана “Лидер айым” медалдары тапшырылды. Кыргызстан Аялдар Конгресси 27 жылдын ичинде 73 долбоорду ишке ашырды. Ошондой эле, Кытайдын Аялдар федерациясы менен бирдикте окуу борборун ачуу мерчемделүүдө.

“Бул кечеге эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, элчилер чакырылды. Бул кечеге мыкты айымдар, баатыр энелер, ишкер айымдар катышып жатат. Бул жир жылда бир гана жолу бериле турчу чоң сыйлыктар”,- деди Кыргызстан Аялдар Конгрессинин президенти Замира Акбагышова. 

“Бүгүн “Лидер айым” деген сыйлык алдым. Абдан кубанып жатам. Эмгегибизди баалап, ушундай сыйлык берип жатканы үчүн чоң рахмат”,- деди "Лидер айым" сыйлыгынын ээси Гүлбарчын Маматали.