Жаңылыктар
ӨКМ: кооптуу аймактарды калыбына келтирүү аракеттери көрүлүүдө
Кырсык
ӨКМ: кооптуу аймактарды калыбына келтирүү аракеттери көрүлүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Чүй облусунда иш сапары менен болуп, сел, суу ташкындарынын кооптуулугу бар аймактарды кыдырып, өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамы менен жолукту. Алгач Чүй облусунун Кемин шаарынын №5 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн өздүк курамы жана имаратынын абалы менен таанышып, Кош-Коргон айыл аймагы Кызыл-Суу дарыясындагы сел тосмону көрүп чыкты. Андан соң Токмок шаарынын Киров көчөсүндөгү коллектордук дренаждын түтүгүн калыбына келтирүү маселеси жеринен талкууланды.

Дарыянын сол жээгиндеги кыртыш бузулуп, көрүстөн менен 5 гектар айдоо аянтына коркунуч келтирген тилкелерди карап чыгып, калыбына келтирүү иштерин ыкчамдатууну тапшырды. Аталган иш-чарага министрликтин тиешелүү башкармалыгынын башчылары жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышууда.

"Кыргыз республикасы жаратылышы кооптуу жерде жайгашкан. Жаз келери менен карларыбыз, мөңгүлөрүбүз ээрип, суунун кириши башталат. Негизи Чүй облусундагы Чу дарыясынын жанында жайгашкан райондордогу суу киргизип жатканда элдерге кандай кооптуулугу бар. Андан сырткары дыйкандарга канчалык дегээлде кооптуу",- деди Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров.