Жаңылыктар
Филолог Бүбүйна Орузбаеваны эскерүү иш-чарасы өттү
Билим
Филолог Бүбүйна Орузбаеваны эскерүү иш-чарасы өттү

Бишкекте Улуттук илимдер академиясынын академиги, филолог Бүбүйна Орузбаеваны эскерүү иш-чарасы өттү. 

Илимдер академиясынын Тил жана адабият институту уюштурган илимий-практикалык конференция “Академик Бүбүйна Орузбаевага 95 жыл” деп аталып, анда ишмердин кыргыз тилинин өнүгүшүнө кошкон салымы, жазган эмгектери, басып өткөн өмүр жолуна арналган баяндамалар жасалды. Бүбүйна Орузбаева 200дөн ашык илимий эмгектин автору. Анын эмгектери кыргыз грамматикасына, лексикология жана лексикографияга, кыргыз тилинин тарыхына, кыргыз терминологиясына жана тил илиминин, айрым түркологиянын көйгөйлөрүнө арналган. Орузбаева 2013-жылы 89 жаш курагында дүйнө салган.

"Орузбаеванын чыгармаларын бүткүл түрк дүйнөсү талашып окуйт. Кыргыз тил илимине из салды, абдан кыйын илимпоз болчу",- дейт Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу, профессор Ибраим Абдувалиева.