Жаңылыктар
Бишкекте репрессия курмандыктары эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте репрессия курмандыктары эскерилди

Бишкекте репрессия курмандыктары эскерилди. Кырчындай өмүрлөрү кыйылган улуу инсандар туурасында 10 томдук китеп жарык көрүп, анын бет ачары болду. Ага белгилүү тарыхчылар, окумуштуулар, саясатчылар, эл өкүлдөрү катышты. Өмүрүн Мекенине, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө арнап, 1937-38-жылдардагы катаал репрессияда курман болгон улуу инсандар туурасында “Ата Бейит” тасмасында эскерилди.

Сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон кырчындай өмүрлөрү кыйылган кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн образдарын Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын таланттуу актёрлору мыкты ойноп, жеткиликтүү ачып берди .

Ошол жылдарда 1 млн 548 миң 366 адам камакка алынган. Алардын 1 млн 344 миң 923ү сот жообуна тартылып, 682 миңге жакыны атылган. Орто эсеп менен алганда күнүнө бир жарым миң киши атылып турган. Ал эми кыргыз жеринен 40 миң адам курман болгон. Арасында өлкөсүн, элин-жерин, тилин, дилин сүйгөн улуу окумуштуу, жазуучулар жана жөнөкөй жумушчулар да болгондугу айтылат.

Репрессияда курман болгондордун 5 миңи гана акталды. Калган 96 пайызын да актоо учун мыйзам жазылгандыгын Жогорку Кеңештин депутаттары билдиришти. Кандуу репрессиянын капшыбына кабылып, кара жердин астында жаткан адамдардын кайгылуу таржымалын камтыган жаңы 10 томдук китеп жарык көрдү. Көп жылдык иштин натыйжасы менен чыккан таасирлүү эмгек азырынча 100 гана нускада чыкты.

Өткөндөр даңкталмайынча тирүүлөр баркталбайт. Андыктан Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов сыяктуу өрнөктүү адамдарды даңктап, алардан жаштар үлгү, тарыхтан сабак алышы керек. Иш-чарага келгендер менен китептин автору "Улутчул, эл душманы" деген жалган жалаа менен атылган 137 адамдын сөөгү коюлган Ата-Бейиттин сырын ачып берген Бүбүйра Кыдыралиевага ыраазычылык билдиришип, бата алышты.