Жаңылыктар
Сауд Арабия бийлиги кичи ажылыкка зыяратты убактылуу токтотту
Дүйнө
Сауд Арабия бийлиги кичи ажылыкка зыяратты убактылуу токтотту

Германиянын конституциялык соту эвтаназияга толук түрдө тыюу салуу мыйзамын жокко чыгарды.

Грециянын Лесбос жана Хиос аралдарында жергириктүу калк  нааразычылык акциясына чыкты.

"Walt Disney" компаниясынын жетекчиси алмашты.


Германиянын конституциялык соту эвтаназияга толук түрдө тыюу салуу мыйзамын жокко чыгарды. Аны менен кылмыш - жаза кодексинин адам өлтүрүүгө жардам берүү боюнча беренеси күчүн жоготту. Ал мындан 5 жыл мурун кабыл алынган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты. Конституциялык соттун чечими менен адамдын негизги укуктарынын бири болуп адам өз жашоосу үчүн өзү жооптуу экени маалымдалат. Анын негизинде, адамдын өз каалоосу боюнча жанын кыюуга карата атайын эрежелерди киргизүү пландалууда. Азыркы тапта эвтаназия, адам өлтүрүү менен барабар. Бул беренени жок кылууга айыгууга мүмкүн эмес дартка чалдыккандар жана доктурлар даттанышкан. Алар эвтаназияга жол берген мамлекетке кетүүнү карашууда. Активдүү эвтаназияны легалдаштырууга жардам берилсе, адамдын өмүрүн өз эрки менен алуу бизнеске айланып кетүүсүнөн коркушаарын билдиришти. Дарыгерлердин жардамы менен дары-дармектин өлүмгө алып келе турган өлчөмүн берүү менен адамдын өз каалоосу менен жанын кыюу Нидерландда, Бельгия, Люксембург жана  Швейцарияда уруксат берилген. Акыркы маалыматтарга таяна турган болсок, Германиянын тургундары Швейцариянын атайын эвтаназия кыла турган клиникаларына көп кайрылып жатканы маалым болду.


Грециянын Лесбос жана Хиос аралдарында жергириктүу калк нааразычылык акциясына чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды. Алар мамлекет тарабынан качкындарга жаңы лагерь курууга нааразы болууда. Лагерь отурукташа турган жерге коңшулаш Мантамадостун тургундары полия кызматкерлери менен кагылышуу болду. Анда 10дон ашык жергиликтүу тургундар жана 10 чакты полия кызматкери жаракат алды. Калктын айтымында күч органдары аларга каршы катуу чара колдонгонун айтып өтүштү.

“Алар бизге каршы таштарды ыргытып, көздөн жаш агызчу газдарды колдонушту. Эмнеге? Биз өзүбүздүн аралыбызда кенен жашоону каалаганыбыз үчүнбү? Биз алардын бул жакта убактылуу жашап, документ алышына каршы эмеспиз. Бирок, алар бул жактан кетпей жашап калышына каршыбыз. Биз соңку жылдары колубуздан келген жардамдарды берип келе жатабыз. Бирок мындан ары жардам бере албайбыз”,- деген жергиликтүү тургун.

Эске салсак, Грециянын 5 аралында убактылуу баш калкалоо үчүн качкындарга 5 жабык лагерь салынып жатат. Курулуш иштерин жайдын соңуна чейин бүтүрүү пландалууда.


Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон жаш балдардын сүймөнчүлүгүнө айланган "Walt Disney" компаниясынын жетекчиси алмашты. Анын башчысы болуп, Боб Чапек дайындалды. Бул туурасында чет элдик маалымат каражаттары жазды. "The Walt Disney" компаниясын буга чейин Роберт Айгер жетектеген. Ал бул кызматты 2005-жылдан бери аркалап келген. Түзүлгөн келишимге ылайык, Айгер 2021-жылга чейин компаниядагы иштин ийгиликтүү өткөрүлүп беришин камсыздоо жана компаниянын чыгармачыл ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө максатында аткаруучу директор кызматында калары айтылууда."Боб Чапек менен 22 ай бою тыгыз кызматташтыкты күтүп жатам. Ал жоопкерчиликти толук кандуу ишке ашыруусуна ишенем", - деген Айгер.Боб Чапек 27 жыл компаниянын дүйнөдөгү бардык көңүл ачуучу парктарын өнүктүрүү менен алектенген. Ал бул жолу компаниянын 100 жылдык тарыхындагы 7-директору болот."The Walt Disney Company" компаниясы 1923-жылы 16-октябрда өз ишмердүүлүгүн баштаган.


Сауд Арабия бийлиги кичи ажылыкка зыяратты убактылуу токтотту. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазды. Мындан сырткары, коронавирустун жаңы түрү жайылган өлкөлөрдүн жарандарына да аталган мамлекетке кирүүгө убактылуу тыюу салынганы маалым болду. Белгилей кетсек, Сауд Аравиясына жакын жайгашкан Бахрейн падышачылыгында коронавирусту жуктурган 33 адам катталган.

Урмат Жээнбеков,  “Биринчи радио”