Жаңылыктар
БШК шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча маалымат берүүдө
Шайлоо 2023
БШК шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча маалымат берүүдө

Борбордук шайлоо комиссиясы күч органдарына шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыздоо жана бузуулардын алдын алуу боюнча маалымат берүүдө. 

Тренингге Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын күч кызматкерлери да катышууда. Жыйындын катышуучулары добуш берүү маалында шайлоо мыйзамдарын бузуулар катталса кандай жоокерчилик каралаарын талкуулап жатышат. 

Анткени, бузуулар кодекси менен кылмыш кодексинде добуш сатып алууга, жарандардын эркин шайлоосуна тоскоолдук кылууга, шайлоо документтерин жасоого жана башка терс көрүнүштөргө жоопкерчилик каралган. Жергиликтүү кеңештерди шайлоо 12-апрелге белгиленген. Анда Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңешке жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештерине депутаттарды шайлоо өтөт.