Жаңылыктар
Окуучулар үчүн "Тулпар" электрондук билети сатыла баштады
Кыргызстан жаңылыктары
 Окуучулар үчүн "Тулпар" электрондук билети сатыла баштады

Мектеп окуучуларына коомдук транспорттоо жүрүү үчүн "Тулпар" электрондук билети сатыла баштады. Шаардык мэрия өнөктүктү Швейцария компаниясы менен биргеликте ишке ашырууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Учурда система тесттик тартипте иштеп жатат. Бирок шаар тургундарынын ичинен коомдук транспортторго аталган электрондук билет менен жол кире төлөгөндөрдүн саны күн санап өсүүдө. Бул системаны учурда пенсия курактагы жарандар көп колдонушууда. Алардын 10 миңге жакыны электрондук жол картаны сатып алды. “Жакынкы күндөрү борбордогу мектептерге окуучулар үчүн жашыл “Тулпар” электрондук жол карталарын жеткиребиз, алгачкы иш №53 билим берүү мекемесинен башталат” - деп айтылат маалыматта. 

Учурда калган карталар басып чыгарылууда. Алар даяр болгондо калган мектептерге таратылып берилет деп кошумчалашты мэриядан. Айтсак, бир электрондук картанын баасы 50 сом турат, ал эми мектеп окуучулары үчүн бир айга 175 сомду түзөт. Натыйжада, жашыл энчилүү картаны бир жолу сатып алып, бир окуучу бир күндөгү окуу аяктаганга чейин пайдалана алат.