POST1RIGHT Президент Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясына болгон эки күндүк иш сапары жыйынтыкталды. Өлкө башчысы визиттин алкагында бир нече эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Алардын эң негизгиси - шериктеш өлкөнүн Президенти Владимир Путин менен жолугушуу болду. Эки өлкөнүн лидерлери Эриш-аркак кызматташтык жылынын ачылыш салтанатына катышты. Көрүүчүлөргө жык толгон Кремль сарайында кыргыз музыкасы жаңырды.