Таластагы "Жерүй" кенинде март айынын аягы менен алгачкы кен алынат. Ушул күндө кенде казуу иштери уланып жатат. Фабриканын курулушу толук аяктап, ички жабдыктары куралып жатат. Кен казууда экологиялык коопсуздук - маанилүү маселе. Андыктан, адистер ишканадагы экологиялык коопсуздук талаптары боюнча ачык эшиктер күнүндө түшүндүрүп беришти.