Жаңылыктар
Эриш-аркак жылы: салтанаттуу кечеден мекендештер унутулгус таасир алды
Маданият
Эриш-аркак жылы: салтанаттуу кечеден мекендештер  унутулгус таасир алды

Эриш-аркак кызматташтык жылынын расмий ачылышына арналган чоң концерт Россияда жашаган мекендештерди абдан толкундантты. 27-февраль Кремль сарайы, Россияда жашап, иштеп жаткан мекендештердин башын бириктирди. Эриш-аркак кызматташтык жылынын ачылышындагы чоң концертти баары күткөн. Ошентип бул кечте, коноктор биринин-артынан бири агыла Кутафья мунарасынан өтүп, Кремль сарайына кирип жатты.



Ак калпак кийген эр азаматтар, ак элечекчен апалардын жүзүнөн жылмаю кетпейт. Мекендештердин көпчүлүгү улуттук кийим кийип, колдоруна желек көтөрүп алган. Концерт башталганга чейин эле, Кремль сарайында жагымдуу майрамдык маанай орноду.


Өлкө башчыларынын каалоо тилектеринен соң, гала-концертти ичине ааламды батырган “Манас” эпосу ачып, улуу жомоктун нарк-насили келгендердин кан тамырына жүгүргөндөй болду. Аны коштой чыккан "Камбаркан"фольклордук-этнографиялык ансамблинин өзгөчө аткаруусундагы чыгарма менен “Ак марал” бийчилер тобунун көз жоосун алган бийи кечени шаңга бөлөдү.


Ал эми, Кыргыз Республикасынын эл артисти Саламат Садыкованын аткаруусунда “Ала-Тоо” ыры жаңырганда, залда отурган көпчүлүк көздөрүнө жаш алды. Алардын ар бири туулган жери менен балалыктын баёо кезин эстегендей.


Концерт бүтүндөй опера үндөрүн бириктиргендей болду. Орус романсы, этно музыка, эки элдин улуу композиторлорунун чыгармалары жаңырды. Жеңиштин жаркын элесине арналып, Россиянын эмгек сиңирген артисти Анна Большова “Саманчынын жолу” повестинен үзүндү аткарды.


Сахнага СССРдин эл артисти, залкар комузчу Самара Токтакунова "Акак" ансамблинин комузчулары менен Атай Огомбаевдин кереметүү “Маш ботоюн” бирге чертти. Концерт “Достук ыры” менен жыйынтыкталды.