Жаңылыктар
Бишкектеги 150 чакырымга жакын жол оңдолот
Кыргызстан жаңылыктары
 Бишкектеги 150 чакырымга жакын жол оңдолот

Алдыдагы эки жылда Бишкектеги 150 чакырымга жакын жол оңдолот. Анын ичинде жаңы курула тургандары да бар. Мындан сырткары бир нече чакырым веложол, тротуарлар жана көпүрө салуу болжонгон.

Борбор калаадагы жол курулуштарын “Бишкекасфальтсервис” жана шаардык мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзөт. Башкармалык акыркы 2,5 жыл ичинде 23 көчөнүн 135 чакырым жолун кайра калыбына келтирди. Анын ичинен 12 көчө жаңы конуштарда. Каражат Кытай грантынын эсебинен бөлүнгөн.