Жаңылыктар
Кыргызстан-Россия: Эл өкүлдөрү эки өлкө ортосундагы байланыштарды чыңдоодо
Саясат
Кыргызстан-Россия: Эл өкүлдөрү эки өлкө ортосундагы байланыштарды чыңдоодо

Москва шаарында Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын депутаттары менен жолугушту. 

Жолугушуу Кыргызстандын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземине барган Президент Сооронбай Жээнбековдун иш сапарынын алкагында уюштурулган. Тараптар Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык өнөктөштүгүн өөрчүтүү жана Эриш-аркак жылынын алкагында бир катар маданий-гуманитардык иш-чараларды биргелешип өткөрүү маселелерин талкуулашты. Эл өкүлдөрү эки өлкө ортосундагы байланыштарды чыңдоодо парламенттик дипломатиянын жана кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгилешип, Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын уюштуруу тууралуу ойлору менен бөлүштү.