Жаңылыктар
Эриш-аркак кызматташтык - шериктеш өлкөлөр
Кыргызстан жаңылыктары
Эриш-аркак кызматташтык - шериктеш өлкөлөр

Өлкө башчысынын Россия Федерациясына болгон 2 күндүк иш сапары Москва шаарындагы Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталды. Быйыл Улуу жеңиштин 75 жылдыгы. Өткөн кылымдын кандуу алааматы биздин орток тарыхыбыз. Андыктан президент иш сапарын өткөнгө таазим этүү менен баштады.

Өлкө башчынын шериктеш мамлекетке болгон визитинин негизги максаты Россия-Кыргызстан эриш-аркак кызматташтык жылынын расмий ачылышына катышуу. Аны менен бирге бир катар эки тараптуу жолугушуулар мерчемделген. Алардын негизгиси Орусия президенти Владимир Путин менен болду. Лидерлер жылуу учурашып, бул өңдүү эки тараптуу сүйлөшүүлөр байма-бай өтүп жаткандыгы өлкөлөр ортосундагы достукту айгинелеп турарын Владимир Путин белгиледи.

Президенттер орус-кыргыз кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын жана келечегин талкууга алышты. Кыргызстан Россиянын мезгил сыноосунан өткөн саясий да, экономикалык да өнөктөшү. Бул тууралуу жолугуушуда орус лидери билдирди. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө акыркы жылдарда шериктеш эки мамлекет ортосундагы кызматташтык жаңы баскычка чыкканы айтылды. Ортодогу соода-экономикалык, саясий, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык алака ар тараптан өнүгүп жатканы буга мисал.

Эки мамлекетти тамыры терең достук, тарыхы бай шериктештик бириктирип турат. Өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык алака стратегиялык деңгээлде жүргүзүлүп келет. Өткөн жылдын жазында Россия президенти Владимир Путин Кыргызстанга биринчи жолу мамлекеттик сапар менен келген. Ал саясий жактан да экономикалык жактан да жемиштүү жыйынтыкталган. Кыргызстан жана Россия соода-экономикалык тармакта өнөктөш өлкөлөр. Ортодогу товар жүгүртүүнүн көлөмү 2 млрд долларга чамалайт. Бизден айыл чарба продукциялары, жаратылыш рудалары, жеңил өнөр жай өндүрүмдөрү экспорттолот. Серепчилердин пикиринде акыркы жылдары мамлекеттер ортосундагы соода экономикалык байланышта оң динамика камсыздалды. Мында өлкө лидерлеринин ролу чоң.

Эки мамлекет бир нече эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташат. Маселен, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги, Шанхай кызматташтык уюму, Жамааттык коопсуздук келишими уюму. Бул шериктештиктер мамлекеттер ортосундагы саясий жана коопсуздук байланыштарды чыңдоодо аянтча болуп келет. Ал эми Евразиялык экономикалык биримдик соода жана экономикалык байланышты жакшыртуунун жаңы багытын ачты.