Жаңылыктар
Жаздын бир күнү жылга тете
Кыргызстан жаңылыктары
Жаздын бир күнү жылга тете

Ош облусунун Араван районунун дыйкандары жазгы талаа жумуштарын биринчилерден болуп баштайт. Күзүндө мол түшүм алам деген багбандар алма, өрүктүн дарактарын бутап жатса, дыйкандар жашылча-жемиштерди өстүрүүнүн аракетинде. Быйыл Сары-Өзөн Чүйдүн дыйкандары да айдап-себүү иштерине эртелеп киришти. Эгер күн жылуу болуп турса, Ибраимов айыл аймагындагы чарбакерлер апта аралыгында эрте айдалчу буудайды эгип бүтөбүз деп боолголоп турушат.

Кызыл-Аскер айылынын дыйкандары болсо жерди жумшартып, себүү иштерине киришти. Быйыл Чүй облусунун дыйкандары негизинен жүгөрү, арпа, буудай жана тоют өсүмдүктөрүнө басым жасап жатышат. Он бир-Жылга айылынын дыйкандары кант кызылчасынын аянтын кыскартып, арпа жана башка тоют өсүмдүктөрүнө басым жасашууда. Кубанычбек Дөөлөтбаковдун дыйкан чарбасындагы айдап-себүү иштерине балдары жардамга келет. Себеби үлүшкө тийген жерден сырткары ижарага алынган айдоо аянттарын иштетүүгө көп күч керек.

Ошентип учурда жазгы талаа жумуштарына камылгалар ар тараптуу көрүлүүдө. Дыйкандарга зарыл болгон күйүүчү жана майлоочу майды алуу, сапаттуу үрөн менен убагында камсыздоо жумуштары эртелеп колго алынды. Министрлик бул жагынан дыйкандар камтама болбой эле койсо болот деп ишендирет. Минералдык жер семирткичтер боюнча да маселе жаралбайт. Быйыл 395 миң тонна жер семирткич керектеле турган болсо, азыр кампаларда анын 30 миң тоннасы бар. 40 тонна күйүүчү май керектеле турган болсо, анын 30 пайызы даярдалды.

Жем-чөп тартыштыгын алдын-алуу максатында быйыл да көп жылдык чөптөрдүн аянты көбөйтүлөт, экспортту эске алуу менен мөмө жемиш бактарын өстүрүүгө жана тамчылатып сугаруу да негизги маселелердин бири.

Дыйкандарга которуштуруп айдоо сунушталып жатат. Мындай болгондо жердин асылдуулугу төмөндөбөйт жана башкысы күзүндө экспорт маселесинде көйгөй жаралбайт. Быйыл дыйкандарга экспортко чыга турган кант кызылчасы, пахта, төө буурчак, жашылча жемиштерди көбүрөөк айдоо сунушталууда. Бул айыл чарба азыктары ЕАЭБ өлкөлөрүнө гана эмес башка мамлекеттерге да экспорттолууда. Дыйкан, фермерлерди жеңилдетилген насыя менен камсыздоо жумуштары да колго алынган. «Айыл чарбасын каржылоо - 8» долбоору ишке киргизилип, дыйкандар 6 пайыздык үстөгү менен жеңилдетилген насыяларды ала баштады.